Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Эгемендиктин 25 жылдыгы белгиленет


Эгемендик майрамы.
Эгемендик майрамы.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, мурда пландалган иш-чаралар өзгөрүүсүз өткөрүлөт:

-31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгы белгиленет. Көчмөндөр оюну да өтөт. Көчмөндөр оюнунун айрым катышуучулары келишти.

Алмаз Үсөнов 27-августта Москвада өрттөн набыт кеткендер үчүн моралдык жоопкерчилик бар экенин белгилеп, мындан саясат жасоону туура эмес деп эсептейт. Анын айтуусунда, Орусия тарап окуянын себеби иликтенип, күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын аларын бекемдеген.

Кыргызстан Эгемендиктин 25 жылдыгын 31-августта "Ала-Тоо" аянтында белгилейт. Мурда маалымдалгандай, анда күндүзү аскер парады өтөт. Андан кийин борбор калаанын бардык жерлеринде майрамдык оюн-зоок программалары уюштурулат. Кечинде эстрадалык ырчылардын концерти менен фейерверк салтанатты жыйынтыктайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG