Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты. Каза болгондорду жерге берүү зыйнатына облустардагы өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башчылары катышат. Кечээ түнкү саат 10-11лерде алардын сөөктөрү атайын өкмөттүк учак менен Кыргызстанга апкелинип, туугандарынын колуна тапшырылган. Маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүүдөн тартып, жерге берүүгө чейинки чыгымдары өкмөткө жүктөлгөн.
27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн он жети киши набыт кеткен. Анын ичинен он төртү кыргызстандык кыз-келиндер. Алардын улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар. Набыт болгон кыз-келиндердин жетөө Ош, үчөө Жалал-Абат облусунун тургундары. Дагы үчөө Ысык-Көл облусунун, бирөө Чүй өрөөнүнүн тургундары болчу. (ZKo)