Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Муфтий Москвада каза болгондорго Куран окуп, дуба кылды


Ушул тапта ажылык сапарда Мекке шаарында жүргөн муфтий Максатбек ажы Токтомушев ажылык амалдарын аткарып жаткан кыргызстандык ажылар менен биргеликте Москва шаарындагы өрттүн кесепетинен улам каза болгон 14 кыргыз жаранына жана Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан көз жумган 9 кишинин жаркын элестерине арнап, Куран окуп дуба кылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

29-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Ажылык сапар 17-августта башталган, зыяратчылардын акыркылары жолго 29-августта чыгышты. Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 3685 адам барат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG