Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Кытай элчилигиндеги жардыруудан жакын имараттардын да терезелери сынган


Жакын жердеги үйлөрдүн талкаланган терезелери
Жакын жердеги үйлөрдүн талкаланган терезелери

Кытайдын Бишкектеги элчилигинде бүгүн болгон жарылуудан бул имараттын айланасында жайгашкан үйлөрдүн терезелери талкаланган. Бул тууралуу үйлөрдүн биринин күзөтчүсү, окуяга күбө болгон Замир аттуу жаран "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жарылуудан кийин оттун жалыны отуз метрге чейин жеткен. Азыр вице-премьер-министр Жеңиш Разаков окуя болгон жерде жүрөт. Маалыматка караганда, жанкечти "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү автонуаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирип, жардырууну жүзөгө ашырган. Натыйжада жанкечти түшкөн автоунаадан эч нерсе калган эмес. Анын чачырандылары гана калган, жанкечтинин денеси да бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен.

Кытай элчилиги "Киргизия-2" районунда Бакаев көчөсүндө жайгашкан. Ал жакты кайтарган кыргызстандык күзөтчү башынан жаракат алган. Жанкечтиден башка курмандыктар жок. Брондолгон дарбаза жанкечтинин максатына жетишине тоскоол болгон.

Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматы жарылуудан үч адам жаракат алганын кабарлады. (NT)

XS
SM
MD
LG