Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Өкмөт коопсуздук маселесин талкуулайт


Жардыруу болгон жерде
Жардыруу болгон жерде

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүнкү жардырууга байланыштуу өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо боюнча күч органдарынын жетекчилери менен жыйын курат. Ага Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, УКМК, Мамлекеттик коргоо комитети, ИИМ, ӨКМ жана Чек ара кызматынын жетекчилери катышат. Жыйында алдыдагы Эгемендик майрамына байланыштуу коопсуздукту сактоонун жолдору талкууланат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан алынган маалыматта Кытайдын Бишкектеги элчилигинде болгон жарылуу террордук акт экени айтылат.

Бүгүн эртең менен Бишкектин Бакаев көчөсүндө жайгашкан элчиликте жанкечти өзүн жардырды. Ал "Мицубиси Делика" үлгүсүндөгү жардыргыч зат салынган автоунаа менен элчиликтин батыш тарабындагы брондолгон дарбазасын сүзүп кирип, катуу жарылуу болгон. Машине жана анын ичиндеги жанкечтинин денеси чачырап кеткен. Элчиликтин үч кызматкери жаракат алган. Жардырууну уюштурган адамдын ким экени азырынча белгисиз. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG