Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Бээжин Кытайдын Бишкектеги элчилигине жасалган чабуулду кескин айыптады


Расмий Бээжин Кытайдын Бишкектеги элчилигине жасалган жанкечтинин чабуулун кескин айыптоодо. Бул тууралуу шейшембиде өткөрүлгөн маалымат жыйында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чинюнг билдирди:

- Кытай бул экстремисттик зомбулук аракетин чечкиндүү түрдө айыптайт жана Кытайдын тышкы иштер министрлиги дароо таасир көрсөтүү механизмин ишке киргизип, кыргыз тараптан кытайлык жарандардын коопсуздугун сактоону, бул окуяны иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылат.

Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек.

Бүгүн эртең менен жанкечти “Мицубиси Делика” үлгүсүндөгү автоунаа менен Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазасынан сүзүп кирүүгө аракеттенип, машинесин жардырган. Өзү каза таап, элчиликтин эки күзөтчүсү жаракат алган деген маалымат бар.

Окуянын чоо-жайын тартип коргоо органдары иликтеп жатат. (EzK)

XS
SM
MD
LG