Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Ак үй Обама менен Путин бейрасмий жолугушарын маалымдады


АКШ президенти Барак Обама Орусия башчысы Владимир Путин менен Кытайда келерки аптада өтө турган G20 тобунун саммитинде бейрасмий жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу Ак үй кабарлады.

Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родс 4-5-сентябрдагы экономикалык саммит учурунда Обама Путин менен расмий жолугушуу өткөрөт деген план жок, бирок "эки лидер мындай жыйындарда өзүнчө жолугуп, сүйлөшүп жүрөт". деди:

- Адатта биз эки президент жолугушуп, Сирия, Украинаны талкуулоосу үчүн мүмкүнчүлүк табууга аракет кылабыз, - деди Родс.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин орус-америка мамилеси салкындап кеткен.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин менен Обама жолугары анык эмес экенин айтып: "Биз даярбыз. Бирок тактала элек" деп билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG