Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Эгемендиктин 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктар берилет


Эгемендик майрамы.
Эгемендик майрамы.

Президент Алмазбек Атамбаев көз карандысыздыктын 25 жылдыгына карата тарыхый жана маданий мурастарды, социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн бир катар жарандарга сыйлык берүү тууралуу жарлыкка бүгүн кол койду. Ага ылайык Абдылдажан Акматалиев, Кайыргүл Сартбаева II даражадагы «Манас» ордени менен, Туйгуналы Абдраимов, Кубатбек Боронов, Дарика Жалгасынова, Сардарбек Жумалиев, Назира Мамбетова, Керимкул Орузбаев, Саламат Садыкова, Дүйшө Сариев, Медербек Абдышев III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланат. Ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция кызматкерлери, жумуш учурунда каза тапкан Самат Жээнбеков, Пиридинбай Исманов, Алмазбек Сулаймановго "Эрдик" медалы берилет. Мындан тышкары бир катар жарандарга "Даңк" медалы берилет. "Эл жазуучусу", "Эл акыны", "Эл артисти", "Эмгек сиңирген мугалим", "Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер", "Эмгек сиңирген дарыгер", "Эмгек сиңирген артист", "Маданиятка жана өнөр жайга эмгеги сиңген ишмер" деген наамдар да ыйгарылмакчы. "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев "Ардак грамота" менен сыйланды. (NT)

XS
SM
MD
LG