Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Бишкекте майрам учурунда 3 миңден ашык милиция коопсуздукту камсыздайт


Милиция.
Милиция.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, 31-август, эгемендик майрамында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын кеңири планы иштелип чыкты. Ага ылайык, салтанаттуу иш-чаралар учурунда Бишкектеги тартипке көз салууга үч миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.

Азыр атайын кызматтар коомдук-саясий абалды иликтеп, ар кандай кылмыш жана мыйзам бузууларды алдын алуу аракеттерин көрүп жатат. Ошондой эле тергөө-ыкчам топтору күчөтүлгөн тартипте иштейт. Эл көп топтолгон жерлер, салтанаттар өтүүчү аймактар, стратегиялык маанилүү объектилер катуу кайтарууга алынат. Экстремисттердин кирүүсүнө жол бербөө үчүн аэропорт, автобекеттер да текшерилүүдө.
Эртең майрам өтчү аянттарды күч кызматкерлери курчап, эл атайын көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу текшерилип өткөрүлөт. ИИМ шектүү буюмдарды байкап калган учурда дароо милицияга кабарлоону жарандардан өтүнөт.

Ошондой эле эртең таңкы саат 6дан тарта түнкү 12ге чейин Бишкектин борбордук көчөлөрү жабык болот. Борбордогу жана "Ак Кула" ат майданындагы иш-чаралар учурунда автоунааларды атайын жайларга гана токтотуу талап кылынат. (NT)

XS
SM
MD
LG