Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Бишкекте Казакстан менен Кыргызстандын футбол командалары беттешет


Күйөрмандар.
Күйөрмандар.

Кыргызстан менен Казакстандын курамалары Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет. Футбол федерациясынан алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын командасы футбол талаасына колуна кара лента байлап чыгат, бул өткөн аптада Москвада өрттөн набыт кеткен он төрт кыргызстандык кыз-келинге аза күтүү болуп эсептелет. Беттешүүнүн башында да бир мүнөттүк эскерүү болот.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00 башталат.

Казакстан менен акыркы беттешүүсүндө Кыргызстандын курама командасы жеңилүү ызасын тарткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG