Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

ЕККУ Украинаны журналисттин өлүмүн тыкыр иликтөөгө чакырды


Александр Щетинин
Александр Щетинин

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) украин бийлигин журналист Александр Щетининдин өлүмүн тыкыр иликтөөгө чакырды.

Уюмдун Массалык маалымат каражаттары боюнча өкүлү Дунья Миятович "Щетининдин өлүмү медиа-коомчулук үчүн чоң жоготуу болду" деп, журналисттердин коопсуздугу боюнча абалды жакшыртууга үндөдү.

Орусиялык журналист, “Новый регион” агенттигинин негиздөөчү Александр Щетининдин сөөгү жекшембиде Киевде өзү жашаган батирде табылган. Украиналык маалымат каражаттарынын жазышынча, ал башынан ок жеген. Жанында тапанча табылган.

“Азаттыктын” украин кызматынан кабарлашкандай, тергөөчүлөр журналист өзүн өзү өлтүргөн деген версияны кароодо.

Щетинин “Новый регион” агенттигин 20 жыл мурун негиздеп, 2014-жылдын февралына чейин башкы редакторлукту аркалаган. Орус бийлигин тынымсыз сынга алганына байланыштуу басымга кабылып, агенттиктин жетекчилигинен кетүүгө аргасыз болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG