Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Венеция комиссиясы: Башмыйзамды өзгөртүү Кыргызстанда бийликтин тең салмагын жоготот


 Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилери.
Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилери.

Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр аткаруу бийлигин күчөтүп, парламент менен сот системасынын таасирин азайтары Венеция комиссиясы чыгарган корутундуда белгиленет. Конституциялык палата сакталганы менен, Башмыйзамга киргизилчү оңдоп-түзөөлөрдөн кийин анын конституциялык көзөмөл органы катары мааниси азаяры да Венеция комиссиясынын корутундусунда белгиленген. Венеция комиссиясы Кыргызстанда Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр укук үстөмдүгү, бийликти бөлүү, соттордун көз карандысыздыгы сыяктуу негизги демократиялык баалуулуктарга шек келтирерин белгилеген.

Венеция комиссиясына “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Алманбет Шыкмаматов 18-августта кайрылып, Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорунун конституциялуулугу боюнча эксперттик корутунду берүүнү өтүнгөн болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG