Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Атамбаев: Баш мыйзамды өзгөртүү керек


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан салтанат учурунда билдирди. Ал Конституцияны өзгөртүү бүгүнкү күнү зарыл экенин, анткени мурунку бийликтин, авторитардык режимдин келишине каршы туруу зарылдыгын билдирди.

Атамбаев Убактылуу өкмөттүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чакырыгына да токтолуп, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаров башында турган саясатчылардын аракетин сынга алды.

Кечээ Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жолдоп, анда азыркы Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана ѳлкѳдѳ авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырышты. Кайрылууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол койгон. Алар президентти, Жогорку Кенештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны ѳзгѳртүүдѳн баш тартууга чакырып, учурдагы Конституцияны ѳзгѳртүү 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана мүмкүн экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG