Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:11

Атамбаев: азыркы Баш мыйзамда "миналар" көп


 Атамбаев фракция лидерлери менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү талкуулоодо.
Атамбаев фракция лидерлери менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү талкуулоодо.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Эгемендик майрамына арналган салтанатта азыркы Баш мыйзамда чет элдик уюмдарга укук берилип калганын билдирди. Анын айтымында, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын Жогорку Сотунун Азимжан Аскаров боюнча чечимди жокко чыгарганы, Конституцияны өзгөртүү чечимине өбөлгө болду.

- Юристтер, эксперттер менен бул маселени карасак, мындай укукту биз аларга өзүбүз берип коюптурбуз. Баш мыйзамдын 41-беренесинде жазылып турат. Аскаров мындай турсун, эртең бул комитеттин тогуз кишиси кааласа Кадыржан Батыров, Жаныш Бакиев боюнча сот өкүмдөрү, "Кумтөр" боюнча экологиялык чечимдер комитет, дегеле комитет мүчөлөрүнө жакпаган бардык чечимдер жок болот экен. Жогорку Соттун чечимдерин гана эмес, азыркы Конституциянын 41-беренеси боюнча кыргыз өкмөтү, парламент, президенттин ошол тогуз кишиге жакпаган чечимдерин, керек болсо мамлекеттин чечимдерин жокко чыгарып кое алат. Эми муну билип туруп Кыргызстан толук эгемендүү мамлекет деп кантип айта алабыз? Мындай Баш мыйзам менен кантип жашайбыз? Азимжан Аскаров боюнча БУУнун комитетинин чечими чыкканга чейин мен деле Конституцияга 2020-жылга чейин тийбей эле койсокпу дегем. Керек болсо өткөн жылы Кулов, Текебаев, Турсунбеков Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилге көтөргөндө аларга кое туралы дегем. Тиешелүү документтер бар. Бирок Аскаровдун "бомбасы" жарылгандан кийин, Баш мыйзамды карасак андай "миналар" толтура экен. Ошого тез арада рефрендум өткөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүү керек. Эл чечсин, - деди Атамбаев.

Белгилүү укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясына айыптуу деп табылып 2011-жылы Жогорку Соттун өкүмү менен өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG