Өзбек президенти Ислам Каримовдун кызы Лолы Каримова-Тилляева бүгүн интернеттеги өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу окурмандарына кайрылып Эгемендик майрамы менен куттуктады жана атасынын тезирээк сакайып кетишин каалаган тилектер үчүн ыраазылыгын айтты.
"Бул биз үчүн өтө маанилүү. Жүрөгүңөрдүн түпкүрүнөн чыккан жакшы каалоо-тилектердин күчү анын сакайышына жардам берип жатат деп ишенем. Силерге чоң рахмат!" деп жазды ал.
Өзбекстандын министрлер кабинети 78 жаштагы Ислам Каримов 28-августта ооруканага жатканын кабарлап, бирок себебин жарыялаган эмес.
Эртеси күнү кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына атасы мээсине кан куюлуп, инсульт болуп Ташкенттеги оорукананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө реанимацияда жатканын жазган. “Абалы туруктуу, бирок азыр кандайдыр бир божомол айтуу эрте" деп билдирген ал.
Өлкөнү 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келген Каримов бүгүн Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чарага катышмак.
30-августка караган түнү “Фергана” агенттиги Каримов каза болгонун жазган. Бирок бул кабар расмий тастыкталган эмес. (RK)