Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

АКШ Иран аскерлеринин Перс булуңундагы аракетин "чагымчыл" деп атады


АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Иранды Перс булуңунда "чагымчыл" аскерий-деңиз операцияларын өткөрүп жатат деп сындады.

Генерал Жозеф Вотель бул тууралуу "Ирандын катери АКШнын аскерий кемесин көздөй катуу ылдамдыкта жүрүп баратканда америкалык «USS Squall» күзөт кемеси эскертүү иретинде ок чыгарууга мажбур болду" деген кабар тарагандан кийин билдирди.

Мындай жагдайды ал кооптуу деп атады жана эскалацияга себеп болушу ыктымал экенин айтты.

Ирандык катер америкалыктардын кемесине 182 метр аралыкка чейин жакындап келди деп АКШ өткөн аптада билдиргенден кийин эки өлкө ортосундагы аскерий алака курчуй түшкөн.

Иран АКШнын айыптоолорун четке кагууда.(RK)

XS
SM
MD
LG