Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Өзбекстан: чек ара боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүү конструктивдүү болду


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн делегациялары чек араларды тактоо маселесин талкуулады. Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 24-29-августта эки өлкөнүн чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунда чек арадагы бир катар участкалар жеринде иликтенди.

Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен протоколго кол коюлуп, кыргыз-өзбек чек ара көйгөйүн чечүү үчүн тилкелерди иликтөө иштерин улантуу макулдашылды. Өзбек ТИМи Кыргызстан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жакшы маанайда, конструктивдүү болгонун маалымдады.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин тоодон алып кете элек. Кармалган жарандар бошотула элек. Бул окуядан кийин чек арага байланышкан кыргыз-өзбек мамилеси курчуган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG