Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Баткенде күйүүчү май ташыган автоунаа өрттөнүп кетти


Бүгүн Баткен-Исфана автожолунда "Хово" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа кырсыкка кабылып өрттөнүп кетти. Куткаруучуларга маалымат саат 15:20лар чамасы түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы тапта автоунаадагы өрт өчүрүлгөн. Тилсиз жоо жолдун тегерегине да жайылгандыктан, өчүрүү иштери уланууда. Жүк ташуучу автоунаанын ичинде канча адам болгону жана айдоочунун тагдыры азырынча белгисиз. Дизель жүктөгөн машине аталган каттамдын 258-чакырымында баратып оодарылып кеткен. Күйүүчү май Баткен шаарынын суу каналына төгүлгөнү кабарланууда. ӨКМ бул маалымат жана келтирилген зыяндар эми аныкталарын билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG