Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Атамбаевдин кечирим суроосун талап кылышты


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, 2010-жыл
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, 2010-жыл

Апрель ыңкылабынан кийин бийликте турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү атайын кайрылуу менен чыкты. Анда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыркы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ала-Тоо аянтындагы майрамдык салтанат учурунда айткан билдирүүлөрү үчүн кечирим сурашы керектиги айтылат.

Кайрылууда Атамбаевдин сөздөрү сынга алынып, президенттин бүгүнкү жоругуна, өзгөчө анын 2010-2011-жылдардагы кырдаалга берген баасына нааразы экенин билдиришкен.

“Биз 2010-жылы июндагы референдумду өткөрүүдө жана өткөөл мезгилдин президенти кызматын киргизүүдө эч кандай “көз боемочулуктар” болгон эмес деп жоопкерчилик менен айта алабыз. Жаңы Конституциянын тексти сыяктуу эле референдумга алып чыккан суроолор алдын ала кеңири талкууланган, эл эмне үчүн добуш берерин жана ал добуштун маанисин эң жакшы билген. Ошондуктан эл колдоп, ошол чечимди кабыл алган. Бул ошол мезгилдин зарыл жана туура кадамы болгон. Муну президент Атамбаев өзү да бүгүнкү сөзүндө мойнуна алды. Ал кадамдын тууралыгын бүгүнкү күнгө чейинки беш жылдык – мамлекет саясий туруктуулукта жашаган убакыт далилдеди” деп айтылат кайрылууда.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Роза Отунбаеванын дарегине айткан жосунсуз сөздөрүнө терең нааразы экенин билдиришкен. Билдирүүдө “Отунбаева Атамбаевди колунан жетелеп бийликке алып келген. Мындай жорук мамлекет башчыга гана эмес, башка өзүн эркек деп санаган кишилерге да жарашпайт” деп айтылат.

"Биз Кыргызстандын үчүнчү президенти Роза Отунбаеванын ар-намысын жана абийирин коргоого бекем турабыз жана президент Атамбаевден ачык кечирим суроосун талап кылабыз. Биз 2010-жылы апрель айында, өлкө башкаруусуз, башаламандыкта калган кезде өзүбүзгө жоопкерчиликти алганбыз. Ошол кезде коомчулукта тынчтык жана бейкуттук, туруктуулук орношу үчүн кылган аракеттерибиз үчүн жооп берүүгө бүгүн да даярбыз” деп белгиленген кайрылууда.

31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтындагы сөзүндө президент Алмазбек Атамбаев Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзүнүн мурдагы санаалаштарын кескин сындаган.

Атамбаев убагында өзү да мүчө болгон Убактылуу өкмөттүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чакырыгына токтолуп, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаров башында турган саясатчылардын аракетин айыптаган.

- Убактылуу өкмөт, анын ичинде Отунбаева мен Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүмдү узартып алат деп коркуп жатышат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат, - деген ал.​

Алмазбек Атамбаев жогорудагы сөздөрдү сүйлөп жаткан учурда Роза Отунбаева аянттан кетип калган.

XS
SM
MD
LG