Парламенттин VI чакырылышы бүгүн жайкы эс алуудан кийин кезектеги сессиясын баштады. Азыр карала турган маселелер талкууланып, депутаттар өз сунуштарын берип жатышат.
Алдыда Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы Үңкүр-Тоого байланышкан маселе, мигранттар, террорчулук көйгөйү, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгеси талкууланмакчы.
Жогорку Кеңеш алгачкы сессиясын 30-июнда жапкан. Алты фракциядан куралган азыркы парламент 2015-жылдын 4-октябрында шайланган. (NT)