Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Темир Сариев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетине фракция лидерлерин айыптады


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Экс-премьер-министр Темир Сариев Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине байланыштуу бардык саясий күчтөрдү бири-бирин айыптабастан, мунаса табууга чакырлы. Анын айтымында, Жогорку Кеӊештеги айрым фракциялар сунуштаган Конституциялык реформа коомдогу ажырымды жаратууда. Эгер кырдаал ушул өңүттө өнүгө берсе, өлкөдө олутуу саясий кризис жаралат. Анын терс кесепети элге тиерин билдирген Сариев Конституциялык реформа маселесинде эмоциялар менен жеке таарынычтарга орун жоктугун, талкууда ар кыл күчтөрдүн пикирлери бири-бири менен дал келбей турганда убактылуу орган-Конституциялык кеӊешме түзүү керектигин айтты.

-Бул орган Башмыйзамды реформалоо маселесин жакынкы аралыкта эмоцияга алдырбастан, тынч баштап, өзгөрүү сунушталган беренелердин мазмуну, мөөнөтү, процедуралары боюнча маселелерди аныкташы керек. Бул жерде Конституциялык реформанын демилгечилери, парламенттик фракциялардын жетекчилеринин ролун өзгөчө белгилөө зарыл. Азыр эмнени көрүп жатабыз. Алар өзгөртүүлөр сунушун бергени менен эки сөз менен аны коргогон жок. Реформа үчүн жоопкерчиликти иш жүзүндө президент өзүнө алды. Фракция лидерлеринин мындай позициясын же коркоктук, же коом алдындагы жоопкерсиздик, же кандайдыр бир чагымчылык катары кабыл алууга болот. Алар Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө кол коюшту, бирок ал үчүн эч кандай жоопкерчилик тарткан жок. Депутаттардын бир бөлүгү Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан учурда алар четте гана байкап, ким жеӊишке жетишсе, ошого кошулууну карап турушат, - деп айтылат Сариевдин билдирүүсүндө.

Темир Сариев мындай кырдаалда коомчулук аталган фракция жетекчилеринин саясий жоопкерчилигин карап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү маселесин козгошу мүмкүндүгүн эскертти. (NT)

XS
SM
MD
LG