Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Үңкүр-Тоодо өзбек аскерлеринин саны көбөйгөнү кабарланууда


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Аксы районундагы күч органдарындагы булактар "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, ыкчам маалыматтар боюнча Үңкүр-Тоо аймагында өзбек десанттарынын саны 25ке чейин көбөйдү. Маалыматка караганда, алардын арасында Өзбекстандын Чек ара кызматынын жана Коргоо министрлигинин атайын бөлүктөрүнүн жоокерлери бар.

Үңкүр-Тоодон өзбек аскерлерин чыгарууну жана Наманганда кармалып турган төрт кыргызстандык жаранды бошотуу талабы менен нааразылык акцияларды уюштуруп жүргөн Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков да өзбек десанттарынын саны 20дан ашык экенин айтууда.

- Бийликтин Үңкүр-Тоодогу телемунарада жети өзбек милициясы бар деген билдирүүсү жалган. Коопсуздукту көзөмөлдөп, тоого чыгып-түшүп жүргөн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча ал жакта коңшулардын күчтөрү 20дан ашып кетти.

Надырбеков Аксыда элдик топ түзүлүп, телемунарадагы өзбекстандык укук коргоо органдарынын кызматкерлерин чыгарууну көздөп жатканын кошумчалады. Ошол эле маалда Аксы райондук ички иштер бөлүмү Үңкүр-Тоодо өзбек күчтөрү көбөйдү деген кабарды четке кагып, 22-августтан бери телемунара жайгашкан аймакка тик учак келбегенин билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы болсо бул маалымат такталып жатканын кабарлады. 22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодон милиция кызматкерлерин алып кеткен жок. Кармалган кыргызстандыктар бошотула элек. (NT)

XS
SM
MD
LG