Тамчыдагы эл аралык аэропорт жаңы орнотулган белги шамдарды жана инструменталдык ILS конуу-учуу системасын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту кабарлады.
Алгачкы түнкү каттамды жергиликтүү Air KG авиаишканасы 30-августта Бишкек – Тамчы – Бишкек багыты боюнча ЯК–40 учагы менен ишке ашырды. Техникалык сыноо рейси менен Ысык-Көлгө Транспорт министрлиги, Жарандык авиация агенттиги, “Кыргызаэронавигация” жана “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилери учуп келди.
Буга чейин өлкөдө Бишкек жана Оштогу аэропорттор гана учактарды түнкү маалда тейлөөгө мүмкүнчүлүгү болгон.(ZKo)