Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Өзбек өкмөтү: Ислам Каримовдун абалы оор


Анда акыркы суткаларда президент Каримовдун саламаттыгы кескин начарлаганы айтылат. Дарыгерлердин ырасташынча, Каримовдун абалы өтө оор. Бул маалыматтарды Өзбекстандын өкмөттүк басылмалары министрлер кабинетина таянып, 2-сентябрда жазып чыгышты.

Мурдараак Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев шашылыш түрдө президент Ислам Каримовдун кичи мекенине келгени кабарланган. “Азаттыктын” мобилдик кабарчысынын маалымдашынча, Самаркандын борбордук көчөлөр тосулуп, ал жакта үйү барлар гана өтүп жатышат.

Миңден ашуун короо шыпыргычтар түнү менен шаарды тазалап чыгышканы, айрым көчөлөр асфальтталганы айтылууда.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ооруканада дарыланып жаткан мезгилде аткаруу бийлигин премьер-министр Шавкат Мирзияев колуна алган.

29-август күнү Ислам Каримов каза болгонун жазган Фергана.ру агенттиги бүгүн Каримовдун тажиясы 3-сентябрда Самарканда болорун маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG