Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Иран менен Орусия жаңы атомдук станцияларды курат


Али Акбар Салехи
Али Акбар Салехи

Ирандын маалымат каражаттары Орусия менен Иран өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Бушер шаарында эки атомдук электр станциясын курууну макулдашканын кабарлады.

- Жаңы станцияларды куруу 10-сентябрда башталат. Жалпысынан курулуш иштерине 10 жыл кетет, - деди Ирандын атом энергиясы боюнча мекемесинин жетекчиси Али Акбар Салехи.

Эки станцияга 10 миллиард доллар сарпталмай болууда.

Салехинин айтуусунда, алар ишке берилгенден кийин Иран жылына 22 миллион баррел мунайды үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн алат. (RK)

XS
SM
MD
LG