Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

"Атамекенчилер" ЕБ өкүлдөрү менен Баш мыйзам маселесин талкуулашты


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов менен Айсулуу Мамашова 2-сентябрда Бишкекте Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан, аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн саясат бөлүмүнүн башчысы Яап Ора менен жолугушуп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин талкуулашты. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти. Тараптар укук жана сот реформасын да ортого салышты. Евробиримдиктин өкүлдөрү парламенттеги төрт фракция сунуштап, президент жактырган Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү үчүн кеңири талкуу керектигин айтышты. Алардын баамында, Баш мыйзамга азыркыдай олуттуу өзгөрүүлөр сунушталып жатканда алгач кызуу коомдук талкуу керек. Ошондой эле алар Венеция комиссиясынын бул багыттагы пикирин эске алууну бийликке сунушташты.

Буга чейин Венеция комиссиясы Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр аткаруу бийлигин күчөтүп, парламент менен сот системасынын таасирин азайтарын жарыялаган. Венеция комиссиясына эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов 18-августта кайрылып, Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору боюнча эксперттик корутунду берүүнү өтүнгөн эле. (NT)

XS
SM
MD
LG