Кыргызстандагы Жарандык көзөмөл комитети президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жолдоду. Анда кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу чатакты ырбатпоого чакырык ташталган. Бул окуяларды чоң чырга айландырбоо үчүн өкмөт жарандардын өз алдынча аракеттерин токтотушу керектиги, жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленген. Аталган комитеттин координатору, укук коргоочу Динара Ошурахунованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, өкмөттүн так маалымат бербей, тайсалдап жатышынан коомчулукта маселени өз алдынча чечкенге аракеттенген топтор пайда болду. Ошондуктан, бийлик Өзбекстанда кармалып турган төрт кыргызстандыкты бошотуу, Үңкүр-Тоо маселесин чечүү үчүн жасалып жаткан иштер жөнүндө кабарлашы керек.
-Жалпыга маалымдоо каражаттарында Тышкы иштер министрлиги жана башка мамлекетик структуралардын киришүүсү менен төрт жаранды кайтаруу, чек араны чечүү аракеттери тууралуу эч кандай жаңылык жок. Ошол эле учурда Азимбек Бекназаров сыяктуу айрым саясатчылар атайын отряд түзүп, маселени чечебиз деп айтып жатышат. Биз мындай чакырыктардан баш тартууга чакырабыз. Ал эми өкмөт коомдук чыр-чатакты күчөтүү аракеттерин болтурбоо үчүн чукул арада ЖМК аркылуу, өзгөчө Үңкүр-Тооннун тегерегинде жайгашкан айылдарда түшүндүрүү иштерин баштоосу зарыл.
31-августта саясатчы Азимбек Бекназаров видеокайрылуу жасап, бийлик аракет көрбөсө Үңкүр-Тоодогу өзбек күчтөрүн чыгарууга Аксыда түзүлгөн демилгелүү отряддар даяр экенин билдирген. Райондогу Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков элдик топтун түзүлгөнүн ырастап, алар өкмөт чек ара маселесин тез арада чечип бербесе, өзбекстандык милиция кызматкерлерин өз алдынча чыгарарын маалымдаган. Чек ара кызматы 22-августта өзбек милициясы кармап кеткен Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген төрт кыргызстандыкта мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыга электигин айтууда. Расмий маалымат боюнча, бүгүн аймакка Өзбекстандын эки вертолету келип кеткен. Ал жактагы өзбек күчтөрүнүн саны да көбөйгөн. (NT)