Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Йылдырым: Түркия өзбек элинин кайгысын тең бөлүшөт


Түркия премьер-министри Бинали Йылдырым Ислам Каримов каза болгонун билдирди. Бул тууралуу бүгүн ал өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып айтканын телеканалдар түз эфирде көрсөттү.

Рейтер агенттиги Йылдырымдын "Түркия Республикасы өзбек элинин кайгысын тең бөлүшөт" деген сөздөрүн келтирүүдө.

27-августта инсульт болуп реанимацияга түшкөн Каримовдун абалын расмий Ташкент бүгүн оор деп атады. Бирок каза болгону тууралуу билдирүү болгон жок.

Рейтер агенттиги ага чейин дипломатиялык булактарга шилтеме жасап Каримовдун өлүмүн жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG