Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

AI: Каримовдон кийин да Өзбекстанда репрессиялар уланышы ыктымал


Amnesty International
Amnesty International

Amnesty International уюму Ислам Каримовдон кийин да Өзбекстандагы "репрессиялык режим" өзгөрөрүнөн күмөн саноодо.

Каримовдун өлүмү тууралуу кабарлардан улам уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча тобунун жетекчи орун басары Денис Кривошеев "кийинки жетекчи да азыркы президенттин тегерегиндеги адамдардан болот" деген божомолун айтты.

"27 жыл бою адам укук жана эркиндиктер катуу чектелип келди, башкача ой айткандар куугунтукка алынды, кыйноолор жана эч далилсиз кармап кетүүлөр бул өлкөгө мүнөздүү көрүнүш болду" дейт Кривошеев.

Укук коргоочунун пикиринде, өлкөдө акыйкаттыкты орнотуу үчүн терең саясий өзгөрүүлөр жана Өзбекстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн жаңыча мамилеси талап кылынат.

Өзбек президенти каза болду деген маалыматтарды расмий Ташкент тастыктай элек. Рейтер, Би Би Си түрдүү булактарга шилтеме жасап ал дүйнө салганын жазды. (RK)

XS
SM
MD
LG