Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Атамбаев көңүл айтуусун Юлдашевге жана Каримовага жолдоду


Президент Алмазбек Атамбаев өзбек президенти Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу өлкө парламентинин Сенат төрагасы Нигматилла Юлдашевге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

"Ислам Абдуганиевич СССР маалында эле өзүн тажрыйбалуу жетекчи жана мыкты уюштуруучу катары көрсөтө алган. Ал кыргыз-өзбек алакасын бекемдөөгө жан дилинен күйчү" деди Атамбаев.

Ошондой эле кыргыз мамлекетинин башчысы көңүл айтуу катын маркумдун жубайы Татьяна Акбаровнага да жолдоду. Ал быйыл 23-июнда Ташкентте өткөн ШКУ саммитиндеги Каримов менен жолугушуусун жылуу сезимдер менен эстеп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG