Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Бердимухаммедов Көчмөндөр оюнуна келбей калды


"Газпром Ысык-Көл" курган спорт комплекси
"Газпром Ысык-Көл" курган спорт комплекси

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов Ысык-Көлдө бүгүн башталып жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына келбей калды. Бирок азырынча так себеби айтылган жок. Ал Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун өлгөнүнө байланыштуу Кыргызстанга сапарын токтоткон болушу ыктымалдыгы кабарланууда.

Мурдараак Бердимухаммедов конок катары келери, Ысык-Көл жээгиндеги беш жылдыздуу мейманкананын курулуш иштеринин башатына катышары кабарланган болчу.

Бердимухаммедов 2015-жылы Кыргызстанга жасаган иш сапары алкагында Көл боюнча мейманкана куруу боюнча макулдашкан. Андан тышкары Көчмөндөр оюндарынын салтанатына Орусиянын “Газпром” ишканасынын төрагасы Алексей Миллер катышары да маалымдалган. Бирок ал Кытайда өтүп жаткан "Чоң жыйырманын" саммитинде жүргөнүнө байланыштуу Кыргызстанга келбей турганын аталган ишканадан билдиришти.

“Газпром” көлдө курган ири спорт комплекси бүгүн ачылды.

Ысык-Көлдө Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин уланат. Расмий ачылыш салтанаты бүгүн кечки саат сегиз жарымда болот. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG