Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 22:30

АКШ президенти Барак Обама Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу сөз сүйлөп, Кошмо Штаттар мындай оор учурда өзбек элин колдоп-кубаттай турганын билдирди.

“Өзбекстан өз тарыхынын жаңы барагын ачып жатат. АКШ Өзбекстан менен кызматташтыкты сактайт жана жарандардын укуктарын урматтаган, коопсуз мамлекет болорун колдойт”, - деп айтылат Ак үй тараткан билдирүүдө.

Өзбекстан президенти Ислам Каримов оорудан улам каза болгону 2-сентябрда кечинде расмий кабарланган. 3-сентябрдан тарта өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG