Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Каримовдун сөөгү Cамаркандда жерге берилди


“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы билдиргендей, Өзбекстан президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Самаркандда өтүп, тажыя Регистан аянтында окулду. Маркумдун сөөгү Шахи-Зинда тарыхый мүрзөсүнө коюлду. Аталган көрүстөнгө Каримовдун ата-энеси жана бир катар коомдук ишмерлер көмүлгөн. Ал жерге соңку эки күн ичинде шашылыш күмбөз тургузулду.

Тажыяга бир катар мамлекеттерден делегациялар келишти. Арасында Түркмөнстан, Ооганстан жана Тажикстандын президенттери, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Грузиянын өкмөт башчылары, Ирандын тышкы иштер министри жана башка мамлекеттин расмий өкүлдөрү болушту.

Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Мамлекет башчы оорудан улам каза болгону 2-сентябрда кечинде расмий маалымдалган. Ал 27-августта инсульт болуп, ооруканага түшкөн эле. (SE)

XS
SM
MD
LG