Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Ооганстанда жол кырсыгынан кеминде 35 киши набыт болду


Ооганстан
Ооганстан

Мындан тышкары дагы 25 киши жаракат алган жол кырсыгы 4-сентябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Забул провинциясында болду. Анда автобус күйүүчү май ташыган унаа менен кагылышкан. Губернатордун маалымат катчысы Гул Сейалдын айтуусунда, автобус Кандагардан Кабулга бараткан.

Эки унаанын кагышуусунан чоң өрт чыккан. Көп адамдын сөөктөрү толугу менен өрттөнүп кеткен. Жарадарлардын айрымдары Калат провинциясындагы ооруканага, айрымдары Кабулга жиберилди. Көпчүлүгүнүн абалы оор экени айтылууда.

Кандагар-Кабул жолу согушкерлердин бутасындагы жол болгондуктан, айдоочулар бул аймактан катуу ылдамдыкта, тез өтүп кетүүгө аракет кылышат.

Май айында эле Газни провинциясында да эки автобус күйүүчү май ташыган унаа менен кагышып, 52 киши набыт болгон эле. Ал эми 2013-жылы ушундай эле кырсыктан 30 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG