Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Ташкенде Каримовду эскерүү иш-чаралары өтөт


Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Өзбекстанда маркум президент Ислам Каримовду эскерүү иш-чаралары уланууда. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, Ташкен шаарында бүгүн маркум эскерилип аш берилет. Аш таратуу иш-чарасы баш калаадагы ири 5 ресторанда, Самаркандагы 1 ресторанда өтөт. Ага каалоочулардын баары келе алат.

Андан тышкары, Каримовдун иш орду саналган Ак сарайдын эшиктери да эскерүүгө келгенден бардык кишилер үчүн ачык экени кабарланды.

Президент Ислам Каримов 2-сентябрда каза болгон. Анын сөөгү Самарканда жерге берилип, 6-сентябрга чейин Өзбекстанда аза күтүү жарыяланган.

XS
SM
MD
LG