Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктады


Америкалык жана орусиялык дипломаттар Сирия боюнча мунасага келе алган жок. АКШнын Мамлекеттик департаментинен бүгүн кабарлашкандай, америкалык мамлекеттик катчы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кытайдын Ханчжоу шаарында G20 саммитинин алкагында өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында эч кандай келишим кабыл алынган жок.

Керри менен Лавров Сириядагы өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко жана башка согушкерлерге каршы биргелешип күрөшүү тууралуу сүйлөшүүлөрү бир нече апта мурда башталган.

Байкоочулардын айтымында, келишим Сириянын согуш жүрүп жаткан райондоруна жардам жөнөтүү жана өкмөттүк күчтөрдүн АКШ колдогон козголоңчулар жайгашкан аймактарды бомбалоосун токтотуу тууралуу болушу ыктымал эле. (RK)

XS
SM
MD
LG