Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Өзбекстан аза күтүүдө, Каримовдун жаназасына уулу Петр да катышкан жок


Өзбекстанда бүгүн үч күндүк аза күтүүнүн акыркы күнү. 2-сентябрда дүйнө салган президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 3-сентябрдан тарта аза күтүү деп жарыяланган.

79 жашында инсульттан каза болгон маркумдун сөөгү өткөн ишемби күнү өзү туулуп-өскөн Самарканд шаарына коюлду.

Каримовдун жаназасына 17 өлкөнүн өкүлү катышты. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында үй-бүлөсүнөн жесири Татьяна Каримова жана кичүү кызы, 38 жаштагы Лола Каримова-Тилляева болду. Лондондо жашаган уулу Петр жана үй камагында жүргөн кызы Гүлнара катышкан жок.

Айрым маалыматтарга караганда Каримов биринчи аялы, уулу Петрдин апасы Наталья Кучми менен 1969-жылы ажырашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG