Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Сирияда төрт жерде теракт жасалды


Сирия, 5-сентябрь, 2016-жыл.
Сирия, 5-сентябрь, 2016-жыл.

Сирияда өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн аймактагы Тартус, Хомс шаарларында жана Дамасктын чет жакасында бүгүн төрт жардыруу болду. Бул тууралуу мамлекеттик SANA агенттиги кабарлады.

Сириянын Адам укуктары боюнча мониторинг борборунун маалыматына караганда, 24 адамдын өмүрү кыйылды. Расмий булактар набыт кеткендер саны 13 экенин айтууда.

Эки жардыруу Тартус шаарына кире бериштеги көпүрөнүн жанында болду. Алгач ичине жардыргыч салынган автоунаа жарылган. Окуя болгон жерге куткаруучулар келгенде жанкечти өзүн өзү жардырган.

Хомс шаарында да автоунаа жарылды. Укук коргоочулардын айтуусунда, чабуул көзөмөл-өткөрүү пунктуна жасалып, эки офицердин өмүрү кыйылды.

Мамлекеттик телеканал дагы бир жардыруу Бейрут-Дамаск каттамына кошулчу унаа жолдо болду. (RK)

XS
SM
MD
LG