Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Путин Каримовдун мүрзөсүнө зыярат кылат


Путин жана Каримов.
Путин жана Каримов.

Орусия президенти Владимир Путин маркум Ислам Каримовду эскерүү максатында Өзбекстанга келет. Бул тууралуу ал дүйшөмбүдө Кытайда өткөн “Чоң жыйырмалык” (G20) саммитинен соң басма сөз жыйынында билдирди.

-Эртең, албетте, анын мүрзөсүнө зыярат кылуу үчүн Өзбекстанга барам. Ал киши менен жакшы мамиледе болчумун. Ал менден улуу болгондуктан, атымды айтып, “сен” деп сүйлөйт эле,- деди Путин.

Орусия мамлекет башчысы “Чоң жыйырма” саммитине байланыштуу Каримовдун тажыясына келбей, анын Самаркандагы зыйнатына премьер-министр Дмитрий Медведев катышкан.

Ислам Каримов 2-сентябрда каза болуп, сөөгү Самарканда жерге берилди.

XS
SM
MD
LG