Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Бишкек шаардык соту эки укук коргоочунун президент боюнча арызын карайт


Укук коргоочулар.
Укук коргоочулар.

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулованын президенттин үстүнөн жазган арызын буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту канааттандырган эмес. Натыйжада алар шаардык сотко апелляциялык арыз жолдогон. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова мурдагыдай эле президенттин кечирим суроосун жана моралдык зыян катары 10 миллион сомдон төлөп беришин талап кылууда:

-Ар бирибизге 10 миллион сомдон акча төлөп берсин, биз жөнүндө айткандарын төгүндөсүн деп атабыз.

Быйыл Энелер күнүндө мамлекет башчы кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган. Укук коргоочулар жыйынга мониторинг жүргүзүү максатында барышканын айтышып, президенттин айтканына нааразы болуп сотко кайрылышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG