Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Үңкүр-Тоо маселесин талкуулайт


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, фракциянын бүгүнкү жыйынында Үңкүр-Тоого өзбекстандык десанттардын түшүүсү, ал жерде иштеп жаткан кыргызстандык төрт жумушчунун кармалышы, талаштуу чек ара маселелерин чечүүнүн жолдору каралат. Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген төрт кыргызстандыкты бошотуу боюнча өзбек тарап менен буга чейинки сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. Аларды мекенине кайтаруу аракети Өзбекстанда аза күтүү аяктагандан кийин башталарын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлаган.

22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды кармап кеткен. Ошондон бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. Өткөн аптада расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу аскерлеринин санын көбөйткөн. Расмий билдирүү боюнча, азыр алардын саны 15-20 чамалуу. Жергиликтүү жашоочулар өзбек аскерлеринин саны 25ке жеткенин айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG