Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Клинтон Орусия АКШдагы шайлоого кийлигишет деп чочулайт


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

5-сентябрдагы билдирүүсүндө Америка президенттигине талапкер Хиллари Клинтон Орусия Демократиялык партиянын жана АКШнын шайлоо системасына кибер чабуул аркылуу шайлоо жараянына кийлигишүү мүмкүнчүлүгү “олуттуу тынчсыздануу” жаратарын белгиледи.

“Бул маселеге атайын кызматтар олуттуу маани берип, аны олуттуу маселе катары карап жатат” деп айтты Клинтон. Талапкер айым “чет өлкөнүн бийлиги буга чейин биздин шайлоо өнөктүгүбүзгө мындай кийлигишкен эмес” деп кошумчалады. Хиллари Клинтон атаандашы Дональд Трампка токтолуп, анын президент Владимир Путин жана башка “диктаторлорго” таң калыштуу тартылуусу бардыгын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG