Эки мамлекеттин мамилесинин жакшыруусун билдирген бул дайындоого ылайык, Тегеранга Николас Хоптон элчи болду. Ал буга чейин Британиянын Йемен жана Катардагы элчиси болуп келген. Өткөн жылы Британия Тышкы иштер министрлиги Иранда элчилигин кайра ачаарын жарыялаган. Ал 2011-жылы элчиликке нааразылык акциясына чыккандар кирип баргандан кийин жабылган болчу. “Дипломатиялык мамилени калыбына келтирүү бир катар маселелер боюнча талкууларды жүргүзүүгө, анын ичинде мени терең тынчсыздандырган консулдук иштерди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет” деп белгилеген британ тышкы иштер министри Борис Жонсон 5-сентябрда тараткан билдирүүдө.
Өткөн жумада British Airways Лондон менен Тегеран ортосунда түз каттамдарды жандантканын кабарлаган эле. (AiT)