Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Көчмөндөр оюндары: ат үстүндө найза ыргытууда Кыргызстан менен Түркия тең чыкты


Көчмөндөр оюндарынын бир бөлүгү өтүп жаткан Кырчын жайлоосу
Көчмөндөр оюндарынын бир бөлүгү өтүп жаткан Кырчын жайлоосу

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат үстүндө найза ыргытуудан (жирит) Кыргызстан менен Түркия командалары баш байге алышты. Таймаш бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.

Түрктөрдүн улуттук оюну болгон ат үстүндөгү найза ыргытуудан Түркия менен Кыргызстандын командалары күч сынашты. Биринчи таймда командалар 30 упайдан топтошту. Кийинки айлампада дагы бирдей упай жыйнашып, жалпысынан өз эсептерине 50дөн упай чогултушту. Жыйынтыгында калыстар биринчи орунду эки командага бирдей ыйгаруу чечимин кабыл алышты.

Байге ээлерине алтын медалдан тышкары, 250 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Буга чейин чоң ат чабыштан байгелүү орундарды кыргызстандык чабандестер алганы белгилүү болгон.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 15 алтын, 13 күмүш жана 16 коло байге менен алдыңкы орунда келатат. Экинчи тепкичте Орусия – 10 алтын, 6 күмүш жана 7 коло. Үчүнчү катарда Казакстан – 5 алтын, 6 күмүш жана 8 коло.

3-сентябрда башталган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Анда 62 мамлекеттин 1000ден ашуун өкүлдөрү спортун 23 түрүнөн таймашып жатышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG