Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Македонияда учак кырсыгы алты адамдын өмүрүн кыйды


Иллюстрация
Иллюстрация

Македонияда учак кырсыгы алты адамдын өмүрүн жалмады. Италиянын Тревизо шаарынан Косового учуп бараткан Piper Seneca жеке учагынын ичиндегилердин бири да аман калбаганын Македония бийлиги кабарлады.

Кырсык борбор шаар Скопьеден анча алыс эмес жерде болгон. Набыт кеткен алты адамдын төртөө Италия жараны, экөө косоволук болчу.

Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Айрым маалыматтарга караганда, кырсыкка катуу жаан себеп болушу ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG