Кыргызстанда 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +28...+33,
Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +27...+32,
Баткен облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +20...+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +22...+27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз +7...+12 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +16…+18, күндүз + 30…+32 градус жогорулайт.