Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

ДКО-2016: Алыш күрөшүнүн эркин түрүнөн Түркмөнстан сегиз алтын алды


Чолпон-Ата шаарында экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө 7-сентябрда Алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды. Эркектер арасында алты, кыз-келиндер арасында алты салмак боюнча байгелер ойнотулду. Ага жалпысынан 34 өлкөдөн 140 балбан катышты. Мелдеш жыйынтыгында кыргыз балбандары эки күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту. Күмүш медалдарды Бактияр кызы Нурзат (70 кг.), Нагира Сарбашова (+75 кг.), коло байгелерди Мээрим Момунова (60 кг.) жана Эрланбек Мырзабеков (60 кг.) тагынышты.

Түркмөнстандын күрөшчүлөрү сегиз алтын медалга ээ болушту. Алар кыз-келиндер арасында төрт салмакта жана эркектер арасында төрт салмакта жеңүүчү аталды. Казакстандыктар бир алтын, эки күмүш, үч коло, Орусия менен Өзбекстандын балбандары бирден алтын, бирден күмүш, бирден коло байге алышты. Сербиянын эсебине бир алтын жазылды. Иран үч күмүш, эки коло, Украинага эки күмүш, эки коло, Азербайжанга үч коло, Беларуска эки коло, Бразилия, Аргентина жана Молдова өлкөлөрүнүн энчисине бирден коло байге тийди. Мелдештин байге фонду 1 млн 980 миң сомду түздү. Байге ээлери ээлеген орундарына жараша 22 миң 500, 45 миң жана 75 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды алышты.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 16 алтын, 17 күмүш жана 18 коло байге менен алдыңкы орунда келе жатат. Экинчи тепкичте 11 алтын, 7 күмүш жана 8 коло байге менен Орусия турат. Үчүнчү катардагы Казакстанда 8 алтын, 9 күмүш жана 11 коло бар. (ECh)

XS
SM
MD
LG