Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Трамп Путиндин лидерлик сапаттарын кайрадан мактады


АКШнын президенттигине талапкер Доналд Трамп орус президенти Владимир Путинди дагы бир ирет мактады. Ал Орусиянын мамлекет башчысын АКШ президенти Барак Обамага караганда мыкты лидер деп атады.

Эгер Кошмо Штаттардын президенттигине шайланып калса Орусия менен мамиле кандай нукта өнүгөрү жөнүндө суроого жооп берип жатып Трамп "Өтө, өтө жакшы мамиле" болорун айтты.

- Бул таптакыр башка система, мага бул система жакпайт. Бирок, албетте, бул системада ал лидер. Биздин президентке караганда ал көбүрөөк лидер, - деди Трамп 7-сентябрда NBC телеканалынан сүйлөп жатып.

Президенттикке Республикачылар партиясынан талапкер Трамп Москва Вашингтон сыяктуу эле өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топту жок кылууга аракет кылып жатат деген оюн кошумчалады.

Трамптын Кремлге ыктаган туруму анын атаандашы, Демократтар партиясынан талапкер Хиллари Клинтондун кескин сынына кабылып келатат.

АКШда президенттик шайлоо быйыл ноябрда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG