Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Өзбек парламенти кошмо жыйын өткөрүүдө


Ташкент. 1-сентябрь, 2016-жыл
Ташкент. 1-сентябрь, 2016-жыл

Өзбекстанда парламенттин эки палатасынын кошмо жыйыны өтүп жатат. Анда президенттин милдетин аткаруучу ким болору жарыяланары айтылууда.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык мамлекет башчы каза болгондо анын милдетин аткаруу вазыйпасы парламенттин жогорку палатасы Сенаттын башчысына убактылуу жүктөлөт.

Сенаттын азыркы төрагасы Нигматулла Юлдашев бул кызматка 2015-жылдын январь айында келген.

Президенттик шайлоонун датасы бүгүн жарыяланабы-жокпу, азырынча белгисиз.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган. (RK)

XS
SM
MD
LG