Хиллари Клинтон Доналд Трампты америкалык аскерлерди айыптаганы жана Владимир Путинди мактаганы үчүн сынга алды. Президенттикке демократтардан талапкер Клинтон өзүнүн республикачы атаандашы Трамп өлкөнүн башкы командачысы боло албасын көрсөткөнүн айтты.
Бул тууралуу ал бүгүн Нью-Йоркто пресс-конференцияда сүйлөп жатып айтты.
Буга чейин Трамп азыркы президент Барак Обаманын тушунда америкалык генералдар "таштандыга айланганын" айтып чыккан болчу. Ошондой эле ал орус президенти Владимир Путинди мактап, Обаманы жамандаган.
АКШда президенттик шайлоо 8-ноябра өтөт. (RK)